«Мен тирүүмүн». Акжол Махмудовдун апасы тарых так болсун деп ачыкка чыкканын айтты

«Мен тирүүмүн». Акжол Махмудовдун апасы тарых так болсун деп ачыкка чыкканын айтты

Токио-2020 жайкы Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси, Акжол Махмудовдун апасымын, тирүүмүн деп «super.kg» сайтына өзүн Таңсулуу Айдарова деп тааныштырган аял кайрылган.

Анда ал жалпыга маалымдоо каражаттарында Акжолдун апасы бир канча жыл мурун каза болгон деген жана башка туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтып, так маалыматтарды айтып коюуну туура көргөнүн билдирген.

«Балам тарыхта калгандан кийин ал тууралуу туура маалыматтар айтылышы керек деп ойлойм. Ошол үчүн мен тууралуу айтылган кептерге жооп берип коёюн деп чечтим.

Аты-жөнүм Таңсулуу Айдарова, Акжол Махмудовдун апасымын. Биз 1993-жылы турмуш курганбыз. Турмушта ар кандай жагдайлар боло берет экен… Тилекке каршы, 2005-жылы ажырашып кеттик. Биздин ортобузда 3 уул, 2 кыз бар», — деген Таңсулуу Айдарова.

Айдарова балдарын таштап кетпегенин, кайын сиңдиси өзү карай турганын айтып, Ошко алып кеткенин билдирген.

Таңсулуу Айдарова көп жылдардан бери Москва шаарында экенин кошумчалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>