Ош шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттүЖапаров: КРдин экономикасынын өсүшү дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бириСадыр Жапаров ЖК менен кабминдин пикир келишпестиги тууралуу: Бул табигый көрүнүшЧет элдик ырчылар катышкан концерт уюштурам деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү кармалды
Мэрия 4 транспорттук компания менен келишимди үзөт
22.02.2024 | 18:00
Бишкек мэриясы шаарда жүргүнчүлөрдү ташыган 4 транспорттук компания менен келишимди бир тараптуу үзөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган ишканалардын унаалары 16ынчы жана 19-февралда каттамга туруктуу чыккан эмес.
Милдеттемелерин так аткарбагандыгы үчүн «Акжолтой», «Ника Плюс», «Спейсталс» жана “ЖТБ” менен каттамды ижарага алуу келишими токтотулат.
Мэриянын маалыматында, бир айдын ичинде 7 каттам (120 кичи автобус) линиядан чыгарылып, алардын ордуна автобус каттамдары ишке киргизилди.
Муниципалитет күнү-түнү рейд жүргүзүп, коомдук транспорттун жүрүү убактысын көзөмөлгө алмакчы.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом