Миграциядан кайтып келген кыргыз жарандарга кандай жардам берилет?

Миграциядан кайтып келген кыргыз жарандарга кандай жардам берилет?

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек миграциядан кайтып келген кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү программасын иштеп чыгууда. Бул тууралуу министрдин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев “Кыргызстандагы билим берүү системасы аркылуу мигрант аялдарды реинтеграциялоо маселелери» боюнча изилдөөнүн презентациясында билдирди.

Изилдөө министрлик жана Билим берүү Ассоциациясы менен биргеликте жүргүзүлүп, мигранттардын билим берүү тутуму аркылуу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеген.

Президенттин миграциялык абалды жакшыртуу тууралуу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Министрлик тарабынан эмгек мигранттарын колдоонун ырааттуу саясаты ишке ашырылууда, ал өлкөгө кайтып келген мигранттарга жардам көрсөтүүнүн активдүү чараларын да камтыйт.

“Өткөн жылдан бери биз социалдык контракт түзүп, гранттык негизде бизнес ачууга 100 миң сомдон берип жатабыз. Өлкө боюнча 99 окуу жайдын базасында эмгек рыногунда талап кылынган 125 кесип боюнча билим алууга болот. Министрлик ушул жылдан баштап ишке орноштуруу жана кесиптик окутуу жаатындагы ишти дагы күчөтөт, анткени эмгек мигранттарынын кайтып келүү тенденциясы байкалууда”, — деди ал.

Министрдин орун басары белгилегендей, башка өлкөлөрдөн кайтып келген эмгек мигранттар өз бизнесин ачуу үчүн ар кандай тармактарда тажрыйба жана баштапкы капиталды алып келишет.

“Биздин милдет — аларды колдоо, ошондуктан азыркы учурда 15 миң кыргызстандык үчүн ишкердик негиздери жана финансылык сабаттуулук боюнча акысыз окутуу уюштурулат», — деди Базарбаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>