Мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу парламентте көтөрүлдү

Мигранттардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу парламентте көтөрүлдү

Мигранттардын укуктук аң-сезимин өстүргөн система түзөлү. Мындай демилгени  Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков  парламенттин жалпы жыйынында көтөрдү.

“Орусияга барса эле доллар асмандан жамгыр болуп жаап аткандай балдар 11-классты бүтүп, паспорт алаары  менен Орусияга кетип жатышат.  Ата-энеси ойлонбой туруп эле кетирип жатат. Бирок, а дейбиз, бу дейбиз өткөн жылы 6 айдын ичинде  наркотикалык заттарды таратты деп 201 бала кармалыптыр. Алар эмне ошол бизнесте жүрөт дейсизби? Жумасына 10-15 миң рубль беребиз деген шылуундардын торуна илинип калып жатат. Байкуш балдарга убал болуп калып жатат. Буга өзүбүз да күнөөлү болуп жатабыз. Ата-энелер да түшүндүрүп жардам бербейт, мамлекетте бул жагдайды жөндөй турган система да жок. Ошол себептен мигранттардын укуктук аң-сезимин өстүрө турган системаны табышыбыз керек. Буга керек болсо ыктыярчыларды тарталы”— деди эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>