Таласта жер сатууга шектелген үч мамлекеттик кызматкер кармалды

Таласта жер сатууга шектелген үч мамлекеттик кызматкер кармалды

Талас облусунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2023-жылдын 10-июнунда Талас райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жеке турак-жай куруу бөлүмүнүн башчысы Т.А.А., “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн жерге жайгаштыруучусу Ж.А.М. жана Талас районунун Нуржанов айыл аймагынын жер адиси И.К.К. кармалып, Талас ОИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар материалдык пайда алуу максатында айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз берип, жеке менчикке өткөрүп жиберишкени аныкталган.

Адистердин айтымында, бул аймактагы 0,15 гектар жердин баасы 1 миллион 300 миң сомго бааланат. Учурда тергөө тарабынан келтирилген зыянды аныктоо боюнча тиешелүү процессуалдык чаралар көрүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>