ЖКда Сурабалдиеванын коопсуздугуна тынчсызданып, мамлекеттик күзөт берүү сунушталдыКР спортчулары эстетикалык топтук гимнастика боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагыныштыКыргызстанда 677 миң гектардан ашык жерге жаздык айыл чарба өсүмдүктөрү эгилдиАт-Башыда 7 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыБиринчи гол жана жеңилүү — Өзбекстан Дүйнө чемпионатында дебют жасадыЖалал-Абад облустук филармониясында коррупция фактысы аныкталып, үч адам кармалды
Милиция белгисиз эркек кишинин өздүгүн аныктоого жардам сурайт
25.02.2022 | 15:08
23-февраль күнү Чолпон – Ата шаарынын түштүк тарабында жайгашкан тоолу аймакта, «телевышканын» жанында табылган европа улутундагы белгисиз эркек адамдын өздүгүн аныктоого Ысык-Көл милициясы жарандарга кайрылат. Тышкы кароо учурунда, денесинен криминалдык тактар аныкталган жок.
Өзгөчө белгилери: болжол менен 25-30 жашта, бою 168-170 см., дене түзүлүшү арыкчырай, көздөрү күрөң, каштары кара, чачы кыска жана сары түскө боёлгон.
Кийген кийими: кара түстөгү кыска куртка, кара-көк түстөгү шым, ак көйнөк, кара түстөгү кроссовка.
Кимде маалымат болсо, 0502106767, 0709203087, же болбосо 102 телефондоруна кабарлап койуну өтүнүшөт.




Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар