Милиция эл топтолгон жерлерге рейдди күчөтөт

Милиция эл топтолгон жерлерге рейдди күчөтөт

Милиция коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп  чогулган аймактарда рейддик иш-чаралар тынымсыз өткөрөт. Бул тууралуу  ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде аймактагы башкармалыктын жетекчилерине тапшырма берди.

Ал коомдук-саясий кырдаалга мониторинг жүргүзүп турууга чакырды. Ар бир айылдын, шаардын, райондун, облустун ичиндеги элдин тынчын алган көйгөйлөрдү талдап, коомдук тартипти сактоо чараларын күчөтүү керектигин белгиледи.

“Өз ишине салкын мамиле жасаган, элдин көйгөйүн угуудан качкан, тапшырмаларды аткарбаган жетекчилерге катуу чараларды көрөбүз. Коомчулукка жолугушуу учурунда, мыйзам баарына бир тең  жана эч кандай укук бузууларга жол берилбей тургандыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”, — деди Улан Ниязбеков.

Министр коомдук коопсуздукту камсыздоо менен бирге эл арасында резонанс жараткан кылмыштарды, окуяларды алдын алуу жана жарандарды тейлөөнү жакшыртууга чакырды.

Аялдарга, жаш балдарга жана өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштарга, анын ичинде зомбулуктун баардык түрүнө бөгөт коюу боюнча иш алып баруу буйругу берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>