“Биз базарда олтурган жокпуз”. Байсалов дагы парламентте айтышты

“Биз базарда олтурган жокпуз”. Байсалов дагы парламентте айтышты

Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутат Аида Исатбек кызы менен айтышты.

Эл өкүлү Каракол шаарындагы облустук оорукананын дарыгерлери айлык акы боюнча кайрылуу жолдогонун белгилеп, ординатордун маянасынын көлөмүн сурады.

Эдил Байсалов бул боюнча маалыматты жок экенин айтты.

“Билбесеңиз билип алыңыз. 5 миң сомдон 7 миң сомго чейин алышат. Эң көп алганы 9 миң экен”, — деди Аида Исатбек кызы.

“Эч ким 5 миң сом албайт. Элдерди адаштырбаңыз. Ординатор дарыгер эмес, студент”, — деп жооп берди аткаминер.

Депутаттын сөзүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медер Исмаилов таксыктады.

“Социалдык төлөмдөрдү алып салганда колуна 5 миң сом алып калат. Ал эми жаш дарыгерлердин айлыгынын негизги бөлүгү 7 миң 400 сом. Алар эми ординатордон айырмаланып, кезметке турат. 2022-жылы эң аз айлык 14 миң сомду түздү”, — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш жазында Эдил Байсаловду кызматтынан бошотуу боюнча токтом кабыл алып, аны президентке жолдогон. Кийинчерек Акылбек Жапаровдун орун басары депутаттардан кечирим сурап, мындан ары конструктивдүү иштерин айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>