Милиция: Кара-Сууда 30 жаштагы жаран 2 кг баңгизат менен кармалды

Милиция: Кара-Сууда 30 жаштагы жаран 2 кг баңгизат менен кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда 30 жаштагы жаран 2 кг баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 13-февралда милицияга Д. аттуу жаран баңгизат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында 19-март күнү шектүү катары Ысык-Көл облусунун 30 жаштагы Д.Н. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан күрөң түстөгү, өзгөчө жыты бар, салмагы 2 кг болгон белгисиз зат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы табылган зат “нашаа” экенин көрсөткөн.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурду бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>