Милиция: Кара-Сууда тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы кармалды

Милиция: Кара-Сууда тергөөчүгө 10 миң доллар пара сунуштаган айыл башчы кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда тергөөчүгө 10 миң доллар пара берип жатканда айыл башчы кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, аларга бир нече жаран (С.Х., Ш.И., Ю.М., И.Х. жана И.Э.) жасалма документтердин негизинде үй куруу үчүн 0,5 гектар жерден алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт 26-сентябрда каттоого алынып, мыйзамсыз берилген жерлерди мамлекетке кайтаруу үчүн текшерүү иштерин башталган. Анын жүрүшүндө Датка айыл аймагындагы конуштардын биринин 59 жаштагы айыл башчысы С.Б. текшерүүнү токтотуу үчүн тергөөчүгө 10 мин доллар сунуштаган.

Аталган факт боюнча «пара берүү» беренеси менен кылмыш иш козголгон.

Милиция билдиргендей, 10-октябрда айыл башчы тергөөчүнүн иш бөлмөсүндө ага 10 миң доллар пара берип жатканда кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда жерди мыйзамсыз берүүгө катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Шектүү С.Б.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>