Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Ажылык-2027: Сауд Арабиясы зыяратчыларга медициналык талаптарды койду
14.08.2026 | 17:32

Сауд Арабиясы 2027-жылы ажылыкка барууну пландаган жарандар үчүн медициналык талаптарды сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирет.
Сауд Арабиясынын Ажылык министрлигинин талаптарына ылайык, зыяратчыларда минималдуу физикалык активдүүлүккө туура келбеген же ажылык амалдарын аткарууга олуттуу тоскоолдук кылган оорулар болбошу керек.
Медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн тизмесине төмөнкүлөр кирди:
- гемодиализ алып жаткандар;
- минималдуу физикалык активдүүлүккө тоскоол болгон жүрөк оорулары, анын ичинде күчөп жаткан (прогрессирующая) жүрөк жетишсиздиги;
- мезгил-мезгили менен же туруктуу кычкылтек маскасын колдонууну талап кылган өнөкөт өпкө оорулары;
- боордун күчөп жаткан циррозу;
- аң-сезимдин бузулушу менен коштолгон оор нерв жана психикалык оорулар;
- өз алдынча жүрүүгө тоскоол болгон таяныч-кыймыл аппаратынын оор оорулары;
- деменция (акыл-эстин начарлашы) менен коштолгон карылык;
- жугуштуу инфекциялык оорулар, анын ичинде өпкө кургак учугунун ачык формасы;
- химиотерапия курсунан өтүп жаткан рак оорулары;
- ден соолук үчүн тобокелдиктер менен коштолгон кош бойлуулук.
Эгерде кошумча медициналык талаптар киргизилсе, маалымат өзүнчө жарыяланары белгиленет.