Милиция мыйзам бузуп, коркутуп жатабы? Каякка кайрылууга болот?

Милиция мыйзам бузуп, коркутуп жатабы? Каякка кайрылууга болот?

Жарандардын укук бузуулар жөнүндө кайрылууларын кабыл алуу үчүн ИИМдин ыкчам байланыш номери күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери жөнүндө жарандардан билдирүүлөрдү кабыл алуу иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жакшыртуу максатында ИИМдин ыкчам байланыш номери күнү-түнү кызматта. Бул ыкчам байланыш телефондор аркылуу жарандар милиция кызматкерлери тарабынан жасалган укук бузуулар же коррупциялык фактылар тууралуу маалымат менен кайрыла алышат», — деп айтылат маалыматта.

Жарандардын билдирүүлөрү +996 556 102 502 (WhatsApp жана Telegram) ыкчам байланыш номери аркылуу кабыл алынат. Бардык келген билдирүүлөр милдеттүү түрдө каттоо процедурасынан өтөт.

«Ыкчам байланыш чакыруу келип түшкөндө нөөмөт бөлүмүнүн ыкчам нөөмөтчүсү белгиленген тартипке ылайык, өзүн тааныштырат, абонентти кунт коюп угат, анын жеке маалыматтарын каттап, абонентке маалымат кабыл алуу тартибин билдирет. Кылмыш, жорук, окуя жөнүндө билдирүүнүн жагдайларын тактап, фото же видеосун алып, аны каттоону жүзөгө ашырат жана көйгөйүн андан ары чечүү үчүн жиберет», — деп билдирет министрлик

Ошондой эле, жарандар электрондук почта аркылуу secretariat@mvd.kg дареги боюнча кайрыла алышат.

«Ыкчам телефонуна  же ИИМдин электрондук почтасына кайрылганда абонент милдеттүү түрдө өзү жөнүндө маалыматты билдириши керек: фамилиясы, аты, атасынын аты, жашаган дареги (жашаган жери, убактылуу катталган жери) жана байланыш телефону. Бардык келип түшкөн маалыматтар ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынат.

Ички иштер министрлиги бардык жарандарды ачык-айкын кызматташууга чакырат. Ошондой эле туура жана так маалымат берген жарандарга сыйлык бар экендигин эскертет», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>