Депутат Токторбаев: Акылдуу Акылбек Жапаров кабыл албай койду

Депутат Токторбаев: Акылдуу Акылбек Жапаров кабыл албай койду

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду кабыл албай койгонун айтып, аны сынга алды.

Мен ушул Кумтөр боюнча акылдуу Акылбек Жапаровго кайрылдым. Телефон чалдым, смс жаздым, менин кеңешчим чалды кабылдамасына… Мен Кумтөр боюнча маалымат алып, элге айтайын дегем. Канча алтын өндүрүлдү, сатылды?  Канча алтыныбыз бар, канчасы Улуттук банкта? Ушул суроолорго жооп алып, элге айтып берейин дегем. Бирок, тилекке каршы жооп болгон жок. Мындан улам менде шектенүү пайда болду. Мен ал кишиден коркуп калдым. Демек, бул жаатта көйгөй бар. Элден, депутаттардан жашырган жашыруун маалымат бар экен деп ойлоп жатам.  Кыргызстандын алтынын “бөлтүрүк” менен “карышкырга” кайтартып жатыптырбыз деп ойлондум”— деп агынан жарылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>