Милиция: Ошто уурулук менен алектенгендер кармалды

Милиция: Ошто уурулук менен алектенгендер кармалды

Ош облусунда уурулукка шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Быйыл февраль айында Кара-Суу районунун тургунунун үйүнө белгисиз адамдар кирип, 50 миң сом акчасын жана 1 ноутбугун уурдап кеткен. Натыйжада жабырлануучуга 500 миң сом зыян келтирилген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция бул ишке шектүү катары 23 жаштагы Э.К. уулу жана 25 жаштагы О.А. уулу аттуу жарандарды кармады.

Тергөө амалдары учурунда кармалгандардын февраль айында дагы башка эки үйгө уурулукка киргендиги аныкталган. Биринчи үйдөн алар 60 миң сомдук сейфти уурдап чыгышкан. Андан кийин аны бузуп, ичиндеги буюмдарды алып, сейфти талаага таштап кетишкен. Экинчи үйдөн уурулар эч нерсе таба алган эмес: алар үйдө аңтарып, чачып, эч нерсе таппай кетип калышкан.

Милициядан белгилешкендей, кармалган эки шектүүнн дагы бир шериги болгон. Ал Бишкекте башка уурулук фактысы боюнча кармалып, камакка алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>