Азия чемпионаты: Эки балбан алтын, дагы экөө коло үчүн күрөшөт

Азия чемпионаты: Эки балбан алтын, дагы экөө коло үчүн күрөшөт

Бишкекте өтүп жаткан Азия биринчилигинде эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбандардан экөө финалга чыкты, дагы экөө коло үчүн күрөшөт.

Мелдештин экинчи күнүндө Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Канат Керимбеков (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Нуртилек Карыпбаев (92 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) таймашка чыкты.

Алардын ичинен Тайырбек Жумашбек уулу менен Айаал Лазарев финалга чыгып, алтын үчүн күрөшө турган болду. Ошондой эле Атай Изабеков менен Нуртилек Карыпбаев жарым финалда жеңилүү ызасын тартып, коло үчүн ат салышат. Ал эми Канат Керимбеков мелдештен четтеди.

Финалдык беттештер саат 18:00до башталат. Мелдеш «Бишкек Аренада» өтүүдө.

Бишкекте 11-апрелде башталган Азия чемпионаты 16-апрелде жыйыныкталат. 11-12-апрелде эркин күрөш, 13-14-апрелде кыз-келиндер жана 15-16-апрелде грек-рим күрөшү боюнча таймаштар өтөт.

Эскерте кетсек, мелдештин биринчи күнүндө Улукбек Жолдошбеков менен Алибек Осмонов коло байге тагынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>