Милиция Таласта кой кайтарган бала боюнча маалымат берди

Милиция Таласта кой кайтарган бала боюнча маалымат берди

Талас облустук милициясы социалдык тармактардагы видеодогу кой кайтарып жүргөн бала боюнча маалымат берди.

Кой кайтарып жүргөн бала 10 жашта. Арчагул айылындагы мектепте окуйт. Учурда айылдан болжол менен 20-25 чакырым алыстыктагы мал сарайда кой кайтарып, таенеси менен кошо жашайт.

«Балага карата жасалган мамиле боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуяга катыштыгы бар жарандар, анын ичинде видеого тарткан жаран дагы Айтматов РИИБине алынып келинди. Кошумча маалымат берилет», — деп билдирди милиция.

Эскерте кетсек, буга чейин жергиликтүү басылмалардын бири Айтматов районунда 2-класстагы бала кароосуз калып, кой кайтарып жүргөнү тууралуу жазып чыккан. Басылма жарыялаган видеодо «атасы 2-класстагы баласын тамак-аш бербей кой кайтартат» — деп айтылган.

Видео: Таласта 2-класстагы бала кароосуз калып, кой кайтарат деген маалыматты милиция текшерүүдө

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>