Милиция Ысык-Атадагы мейитканадан жоголгон сөөктөр табылганын билдирди

Милиция Ысык-Атадагы мейитканадан жоголгон сөөктөр табылганын билдирди

Чүй облустук милициясы Ысык-Атадагы мейитканадан жоголгон сөөктөр табылганын билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 11-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков Кант шаарынын тургуну Махабат Ашымова инисинин сөөгүн таппай жатканы тууралуу айтып чыккан. Депутаттын айтымында, мейитканада сөөк союлгандан кийин 1 күндүн ичинде жоголуп кеткен.

Милициянын маалыматы боюнча, быйыл 9-августта аларга Ысык-Ата районунун соттук-медициналык эксперти Ш.К. өзүнүн жетекчисинин (Р.О.) үстүнөн арыз жазган. Ал жетекчиси 6-августта мейитканадан 77 жаштагы (К.В.) жана 35 жаштагы (Ж.Б.) жарандардын сөөгүн өз билемдик менен бирөөлөргө берип салган билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, материалдар Ысык-Атанын милициясына жөнөтүлгөн.

Арадан 2 айдай убакыт өткөндөн кийин 8-октябрда бул факт боюнча «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 77 жаштагы жана 35 жаштагы эки маркумдун сөөктөрү көмүлгөн жер табылган. Алар Кант шаарындагы тууган-уругу жок адамдар көмүлгөн мүрзөгө жерге берилгени аныкталган.

Учурда милиция сөөктөрдү казып алуу (эксгумация) үчүн райондук сотко кайрылышкан.

Тергөө иштери уланууда. Анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдардын иш-аракетине юридикалык баа берилип, мыйзамга ылайык чечим кабыл алынат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>