«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Милиция: Жалда эки жаран өспүрүмдү уурдап кетип, сабап, телефонун тартып алган
11.02.2025 | 15:19
Бишкекте адам уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 27-январда болжол менен саат 21:30да Жал айылында белгисиз адамдар 17 жаштагы өспүрүмдү күчтөп “Хонда Фит” унаасына отургузуп, белгисиз жакка алып кеткен. Андан кийин аны сабап, 15 миң сомдук “Айфон 10” телефонун тартып алышкан. Бул окуя боюнча баланын атасы милицияга арыз жазган.
Аталган факт боюнча “адам уурдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 28 жаштагы Б.С. жана 25 жаштагы К.Н. аттуу эки жаран кармалган. Соттун чечими менен алар №1 тергөө абагына эки айга камакка алынган.