Жасалма интеллект жана киберкоопсуздук: Кыргызстанда ЖОЖдордун адистиктеринин тизмеси жаңыланат

02.10.2026 | 10:37
Жасалма интеллект жана киберкоопсуздук: Кыргызстанда ЖОЖдордун адистиктеринин тизмеси жаңыланат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн багыттары менен адистиктеринин жаңы тизмесин бекитүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтом долбоору иштелип чыкты.

Негиздеме-маалымкатта көрсөтүлгөндөй, жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттары менен адистиктеринин колдонуудагы тизмеси 2011-жылы, ал эми орто кесиптик билим берүүнүкү — 2018-жылы бекитилген. Жаңы тизмелер эмгек рыногунун заманбап талаптарын эске алуу менен даярдалган.

Иштеп чыгуучулар эскирген же ЖОЖдор менен колледждерде окутулбай калган багыттар менен адистиктерди тизмеден чыгарууну, бирин-бири кайталоолорду жоюуну жана айрым багыттарды ирилештирүүнү сунушташууда. Бул билим берүү уюмдарына зарылчылык жаралса, негизги тизмеге өзгөртүү киргизбестен эле бир багыттын алкагында жаңы даярдоо профилдерин ачууга мүмкүндүк берет.

Текшерүүдөн (инвентаризациядан) кийин багыттар менен адистиктердин санын бир топ кыскартуу каралууда.

Бакалавриат боюнча алардын саны 159дан 145ке чейин, магистратура боюнча — 163төн 153кө чейин, адистик (специалитет) боюнча — 55тен 40ка чейин азаят. Эң олуттуу кыскартуу орто кесиптик билим берүү системасында каралган — 261 адистиктен 96га чейин кыскарат.

Ошол эле учурда тизмелерди заманбап технологиялар, санариптештирүү, жасалма интеллект, киберкоопсуздук жана блокчейн технологиялары менен байланышкан жаңы, суроо-талапка ээ адистиктер менен толуктоо сунушталууда. Мындан тышкары, инженердик жана техникалык адистерди даярдоо боюнча багыттар жана адистиктер ирилештирилди.

Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн багыттары менен адистиктери үчүн бирдиктүү түзүм каралууда. Анын курамына билим берүү, искусство, гуманитардык илимдер жана тилдер, социалдык илимдер, журналистика жана маалымат, экономика, бизнес жана башкаруу, укук, табигый илимдер, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, транспорт, курулуш, айыл чарбасы, саламаттык сактоо жана туризм сыяктуу тармактар кирет. Ал эми жогорку билим берүү үчүн өзүнчө «Коргонуу жана аскердик коопсуздук» багыты каралган.

Документке ылайык, жогорку кесиптик билим берүүнүн тизмесинде «Педагогика жана психологиялык-педагогикалык билим берүү», «Атайын педагогикалык билим берүү» жана «Билим берүүдөгү информатика жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар» багыттары бар.

Ошондой эле тизмеге журналистика, медиа жана коммуникациялар, экономика, менеджмент, финансы, ишкердик, юриспруденция, укук коргоо ишмердүүлүгү, климатология, гидрометеорология, маалыматтык коопсуздук, автоматташтыруу, жасалма интеллект жана робототехника кирген.

Дагы бир өзгөртүү — багыттарды жана адистиктерди коддоштуруунун жаңы сегиз орундуу тутумуна өтүү. Код Билим берүүнүн эл аралык стандарттык классификациясына ылайык адистиктердин ирилештирилген тобун, экономикалык ишмердүүлүктүн түрүн, багыттын же адистиктин иреттик номерин жана Кыргызстандын Улуттук квалификациялык алкагы боюнча квалификация деңгээлин эске алуу менен түзүлөт.

Токтомду 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө киргизүү сунушталууда.

Анара Мамытова

Scroll to Top