Иманалиев эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолукту

Иманалиев эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрү менен жолукту

Бүгүн, 6-сентябрда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Эл аралык олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучулар жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр Каныбек Иманалиев дүйнөлүк билим жарыштарында Кыргызстандын намысын коргогон окуучуларды жеңиштери менен куттуктап, алардын бул ийгиликтеринде машыктыруучуларынын эмгеги чоң экендигин белгиледи.

“Кыргызстан Венгрияда өткөн XXXV информатика боюнча эл аралык олимпиадада 90 өлкөнүн ичинен 24-орунду ээлеп, Борбордук Азияда биринчи орунга чыкты. Бул биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик жана сыймык”, — деди министр.

2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн Эл аралык информатика боюнча олимпиадага 4 окуучу катышып, 1 күмүш жана 2 коло медаль жеңип алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>