Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Министрлер кабинети кыргыз тилин өнүктүрүүнүн 2028-жылга чейинки программасын бекитти
12.07.2026 | 12:05

Министрлер кабинети мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга карата программасын, ошондой эле мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөөнүн жаңы методикасын бекитти.
Тиешелүү токтомдор Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн кезектеги жыйынында жактырылды.
Жыйындын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү маселелерин карашты. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынан тышкары, Министрлер кабинети мамлекеттик жер тилкелерин пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо методикасын бекитти.
Өкмөттүн маалыматында кабыл алынган документтерди ишке ашыруунун деталдары келтирилген эмес.
Теги: кабмин