Министрлер кабинети мыйзамсыз лотереялар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштоодо

01.07.2026 | 15:10
Кабмин запретит бинарные опционы и ужесточит ответственность за незаконные лотереи — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин кароосуна бинардык опциондорго толук тыюу салууну, лотереялык ишмердүүлүккө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүнү жана мыйзамсыз онлайн-лотереяларга каршы күрөшүүнүн жаңы механизмдерин киргизүүнү караган мыйзам долбоору сунушталды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси — Министрлер кабинети.

Мыйзам долбоорунун максаты — онлайн-лотереяларды, санариптик ойнотмолорду жана бинардык опциондорду укуктук жактан жөнгө салуу, алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу, жарандардын укуктарын коргоо, ошондой эле мындай схемаларды кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу жана терроризмди каржылоо үчүн пайдаланууга бөгөт коюу.

Негиздеме маалымкатта акыркы жылдары Кыргызстанда мыйзамсыз онлайн-лотереялар менен бинардык опциондордун саны өсүп жатканы белгиленген. Мындай схемалар интернет-сайттар, социалдык тармактар жана мессенджерлер аркылуу жайылтылып, көбүнчө жарнамалык акциялар, кайрымдуулук жыйындары, автоунааларды, ири суммадагы акчаларды жана башка баалуу байгелерди ойнотуу катары көрсөтүлөт. Бирок иш жүзүндө мындай ишмердүүлүк мыйзам талаптарына жооп бербейт.

Документтин авторлору бинардык опциондор кумар оюндарынын бир түрү экенин белгилешет. Анда катышуучулар активдердин же башка көрсөткүчтөрдүн наркынын өзгөрүшүнө коюм коюшат. Тиешелүү лицензиясы жок учурда мындай ишмердүүлүк мыйзамсыз кумар оюну катары бааланат. Ал эми анын кеңири жайылышы агрессивдүү жарнама, тез акча табуу тууралуу убадалар жана катышуунун жөнөкөйлүгү менен түшүндүрүлөт.

Документте мындай схемалардын негизги тобокелдиктери да көрсөтүлгөн. Алардын катарына жарандардын каржылык чыгымдары, интернет-алдамчылыктын көбөйүшү, жаштардын, аз камсыз болгон жарандардын жана пенсионерлердин мыйзамсыз кумар оюндарына тартылышы, мыйзамсыз лотереялар аркылуу кылмыштуу кирешелерди адалдоо, лицензияланган лотереяларга болгон ишенимдин төмөндөшү жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдүн азайышы кирет. Демилгечилердин пикиринде, мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүк өлкөнүн экономикасына гана эмес, улуттук коопсуздугуна да коркунуч жаратат.

Мыйзам долбоору менен Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, «Кумар оюндары жөнүндө» жана «Лотереялар жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Атап айтканда, тиешелүү уруксаты жок мыйзамсыз лотереяларды, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды пайдалануу менен уюштурган жана өткөргөндөр үчүн өзүнчө кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Ошондой эле мыйзамда биринчи жолу бинардык опцион түшүнүгү кумар оюндарынын бир түрү катары бекитилип, аларды уюштурууга, өткөрүүгө, жарнамалоого, жайылтууга, акча каражаттарын жана виртуалдык активдерди кабыл алууга, ошондой эле ортомчулук кылууга толук тыюу салынат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоору соттун чечими менен тыюу салынган интернет-ресурстарга жетүүнү чектөөнү, банктар, төлөм уюмдары жана виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр тарабынан бинардык опциондорго байланыштуу операцияларды бөгөттөөнү карайт. Ошондой эле жеткиликтүүлүгү чектелүүчү сайттардын тизмесин түзүү, жүргүзүү жана жаңыртуу тартибин аныктай турган Тыюу салынган интернет-ресурстардын реестрин түзүү сунушталууда.

Демилгечилер мыйзамсыз лотереяларга каршы көрүлгөн чаралардын жыйынтыгын да келтиришкен. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча, 2022–2025-жылдары Ички иштер министрлигине 16 материал, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине 8 материал, Башкы прокуратурага 5 материал жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, мыйзамсыз лотереяларды уюштуруучуларга 25 эскертүү жөнөтүлгөн.

Scroll to Top