Каракол шаарында жаңы канализациялык тазалоочу курулмалар курулууда

Ысык-Көлдүн борбор шаары Караколдо жаңы канализациялык тазалоочу курулмалар курулууда. Учурда курулуштун 90%ы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Жаңы курулманын кубаттуулугу суткасына 12 миң куб метрди түзөт. Долбоор шаардын экологиялык коопсуздугун камсыздоого жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын коргоого багытталган.
Маалыматка ылайык, объектиде саркынды сууларды тазалоонун заманбап көп деңгээлдүү тутуму киргизилүүдө. Анын алкагында механикалык тазалоо үчүн автоматташтырылган камералар жана торлор орнотулат. Биологиялык тазалоо процесси «A2O» технологиясы менен темир-бетон аэротенктерде ишке ашырылып, көмүртек, азот жана фосфорду терең тазалоону камсыз кылат.
Бардык негизги процесстер толугу менен автоматташтырылып, SCADA эл аралык санариптик башкаруу тутумуна кошулган. Ошондой эле азаланган сууну агызып чыгаруунун алдындагы акыркы этапта натрий гипохлорити менен зыянсыздандыруучу заманбап комплекс иштейт.