Кыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болду
Министрлик: Баткенде коронавирус катталды деген жалган
06.02.2020 | 11:49
Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткенде коронавирус катталды деген маалыматты четке какты.
Мекеменин басма сөз кызматы жиберген маалыматта ылайык, бүгүнкү күндө коронавирус тастыкталган учур Кыргызстанда катталган эмес.
“Айтылган адамдар Кытайдан Тажикстан аркылуу келгендиктен санитардык-карантиндик пункттун кызматкерлери аларды текшерүүгө алып кетишкен. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык. Аларга карата байкоо алынган анализдердин жыйынтыгына жараша болот”, – деп билдирди министрлик.
Буга чейин “Турмуш” басылмасы Баткен районундагы “Кызыл-Бел” чек ара пунктунан коронавирус жуктурду деген шек менен 2 адам ооруканага жаткырылганын жазып чыккан.
сүрөт: sputnik.kg
Рубрики: Жаңылыктар, Коом