Шакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойтБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде байыркы кол жазмалар тууралуу лекция өтөт
Министрлик баткендиктерге кандай жардамдар көрсөтүлүп жатканын айтты
25.07.2022 | 13:20
Баткендиктерге кандай социалдык жардам көрсөтүлүп жатканы боюнча Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында жарыяланды.
Министрликтин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна карата облус боюнча 59 адам 3,7 миң сомдон жөлөк пул алат.
“Баткен облусунун аймагында туруктуу жашаган, 16 жашка чейинки балдары бар муктаж “өзгөчө статуска” ээ болгон үй-бүлөлөргө 1-марттан баштап ай сайын 1000 сомдон компенсация төлөнүп бериле баштады», – деп айтылат билдирүүдө.
Кошумчалай кетсек, Баткен облусунун жабыркаган жарандары болгон 189 балага жайкы каникул учурунда республиканын балдар лагерлеринде жана пансионаттарында эс алуу уюштурулганы маалымдалды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом