Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Министрлик: Чет жактан кайтып келген мигранттар обсервациянын эрежелерине баш ийбей жатышат
18.05.2020 | 10:49
Бүгүн катталган 78 учурдун 46сы чет өлкөдөн келген жарандарыбыздан аныкталды. Мындай маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргызстанга кайтып келген жарандар обсервациянын эрежелерине баш ийбей, өздүк гигиенаны сактабай жатышат. Мындан улам, оорулардын саны көбөйүүдө.
“Соль-Илецктен келип жаткандарды ташуу учурунда вирустун жайылышынын тобокелдиги жогору болгондугуна байланыштуу Республикалык штаб тарабынан кошумча ПЧР-изилдөөлөрдү өткөрүү чечими кабыл алынды. Бул үй карантиндеги байланышта болгондор илдетти массалык түрдө жугузуп албоосу үчүн туура чечим болду”, – деди Үсөнбаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом