Министрлик: Кара-Кулжада жалпы 7 адам коронавируска чалдыккан

Министрлик: Кара-Кулжада жалпы 7 адам коронавируска чалдыккан

Кара-Кулжа районунда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 7 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова “Репортерго” билдирди.

“Учурда 5 адам райондогу ооруканада дарыланып жатат. Абалдары жакшы. Бир адам Кара-Кулжа райондук Үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери болчу. Ал Ошко которулгандан кийин каза болду. Дагы бир адам Өзгөн районуна которулгандан кийин оорудан айыгып үйүнө чыккан”, — деди ал.

Жылдыз Айгерчинованын маалыматына караганда, Кара-Кулжа районунда коронавирустун алгачкы учуру 19-майда катталган.

“Алгачкы учур 19-майда, Орусияда каза болгон маркумдун сөөгүн коштоп келген Кара-Кочкор айылынын тургунунан табылган”, – деди Айгерчинова.

Белгилей кетсек, буга чейин сөөгү Орусиядан алынып келинип, Кара-Кочкордо жерге берилген маркум коронавирустан каза болгондугу айтылган. Ош облустук администрацисы маалыматты четке каккан. Маркумду коштоп келген адам коронавируска шектелип, аны менен байланышта болгондор обсервацияга алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>