Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Министрлик: Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте
26.03.2020 | 17:19
Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 44. Алардын көпчүлүгү кичи ажылыктан келгендер. Бүгүн, 26-мартка карата вирусту жуктургандар катталган жок. Бирок Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте экенин журналисттерге онлайн мааымат берип жатып, коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтуусунда, чет жактан келгендердин саны азайды.
“Учурда эпидемияга каршы бардык аракеттер көрүлүп жатат. Өлкө аймагына өзгөчө абал киргизилди. Бир жерден экинчи жерге барууга тыюу салынды. Бирок инфекцияны жеңдик деп айтуу эрте. Ооруну жайылтпоо ар бир жарандан көз каранды. Үй карантинин сактап, биргеликте жеңүүгө аракет кылалы”, – деди Акматова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом