Министрлик облустук гезиттерди жабууну сунуштоодо

Министрлик облустук гезиттерди жабууну сунуштоодо

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги облустук гезиттерди жабууну сунуштоодо. Тиешелуу токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды

Ага ылайык, облустук мамлекеттик гезиттеринин редакцияларынын жоюлушу белгиленген.

«Калкка маалыматты тез жеткирүүдө телекөрсөтүүгө, радиого жана мобилдик Интернетке салыштырмалуу облустук гезиттер оперативдүүлүк жактан артта калууда. Ошол себептен, мезгилдүү басылмалардын маалымат жеткирүү боюнча форматын дагы өзгөртүү керек», -деп айтылат маалыматта.

Министрлик облустук гезиттердин редакциялары боюнча маселелерди коомчулук жана медиа-рыноктун өкүлдөрү менен талкуулоолорду жүргүзүүгө даяр экендигин белгилейт.

«Коомдук талкуу учурунда түшкөн сунуштардын негизинде облустук гезиттердин редакцияларынын мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча чечим кабыл алынат», — деп билдирет министрлик.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>