Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр Жапаров

2026-жылы Турукташтыруу фондунан Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 10-октябрда аймактын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, бөлүнгөн каражатка облустун аймагында жаңы социалдык объектилер курулуп, өндүрүш ишканалары ачылды.
«Бүгүнкү күндө Чүй облусу Кыргызстандын социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлеген, мамлекеттүүлүктүн жана административдик-аймактык башкаруу системасынын калыптанышында чечүүчү роль ойногон стратегиялык маанидеги аймак болуп саналат», — деп белгиледи президент.
Экономика жана аймактын өнүгүшү
Жапаров Чүй облусу олуттуу өнөр жай жана айыл чарба потенциалына ээ экендигин баса белгиледи. Аймак өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда, кайра иштетүүчү өнөр жайды жана инфратүзүмдү өнүктүрүүдө маанилүү орунду ээлейт.
«Муну менен дээрлик бардык тармак боюнча мамлекетибиздин локомотиви десек жаңылышпайбыз», — деди ал.
Президент ошондой эле Чүй облусунун республиканын жалпы өндүрүшүнө кошкон салымын белгилеп, анын экономикалык дараметин мындан ары да өнүктүрүү зарылдыгын айтты.
Анын айтымында, аймак заманбап инфратүзүмгө, инвестиция тартуу, айыл чарбасын, өнөр жайын жана туризмди өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Кандай долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Чүй облусунун тарыхый жана маданий мурасын сактоого өзгөчө көңүл бурду.
«Биздин экономикалык алга жылууларыбыз, албетте, куштун эки канатындай болуп, маданий иш-аракеттер менен да коштолушу абзел», — деп баса белгиледи Жапаров.
Пландаштырылган иш-чаралардын катарында ал Түлөберди баатырга арналган илимий конференция өткөрүлөрүн атады.
Ошондой эле кыргыздын биринчи муундагы залкарлары жетилип чыккан Токмоктогу жетим балдар үйүн калыбына келтирип, аны маданий-билим берүү борборуна айлантуу пландалууда.
Дагы бир долбоор — Чоң-Таш айылында СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун үй-музейин ачуу.
Чүй облусунун 100 жылдык тарыхы
Жапаров өз сөзүндө Чүй өрөөнү кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө маанилүү роль ойногонун эске салды.
Анын айтымында, азыркы Кыргызстандын пайдубалын түптөгөн мамлекеттик ишмерлер дал ушул жерде баш кошушкан. Алардын арасында президент Кара-Кыргыз автоном облусун түзүүгө катышкан Абдыкерим Сыдыков менен Иманалы Айдарбековду атап өттү.
Мамлекет башчысы Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан байыркы Баласагын, Суяб, Ак-Бешим жана Жүл шаарларынын тарыхый маанисин да эске салды.
«Кыргызстандын соңку тарыхынын өзөгү да Сары-Өзөн Чүйдүн 100 жылдык басып өткөн жолу менен даңазалуу», — деди ал.
Президент ошондой эле аймактын түзүлүшү тууралуу архивдик маалыматтарды келтирди. 1926-жылы Автономдуу Кыргыз облусунун административдик бөлүнүшү жөнүндө токтомдун негизинде жети кантон түзүлүп, алардын бири административдик борбору Фрунзе шаары болгон Чүй кантону болгон.
Жапаров Чүй облусу өлкөнүн көптөгөн көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана маданий ишмерлеринин мекенине айланганын белгиледи.
Чүй облусунун келечеги жөнүндө
Мамлекет башчысы мааракени белгилөө аймактын тарыхын эскерүү гана эмес, жаңы максаттарды аныктоо мүмкүнчүлүгү болушу керектигин баса белгиледи.
«Чүйдүн 100 жылдык байсалдуу жолу менен мааракесин белгилөө — өткөн тарых-таржымалыбызды эскерүү гана эмес, келечекке жаңы максаттарды коюунун башаты болууга тийиш. Анткени өтмүштү билмейин, эртеңки келечекти аныктоо кыйын», — деди президент.
Ал ошондой эле бүгүнкү күндө Чүй облусунун аймагында 80ден ашык этностун өкүлдөрү жашап жатканын, ал эми анын мындан аркы өнүгүшү мамлекеттик колдоого гана эмес, тургундардын өздөрүнүн катышуусуна да байланыштуу болорун кошумчалады.
Сөзүнүн аягында Жапаров кыргызстандыктарды Чүй облусунун 100 жылдыгы менен куттуктап, аймакка мындан аркы өсүп-өнүгүүнү каалады.