Өкмөт студенттик стартаптарга 10 млн сом бөлүүдө (видео)

Өкмөт студенттик стартаптарга 10 млн сом бөлүүдө (видео)

Студенттик стартаптарды баштоону каалаган жаштарга өкмөт тарабынан 10 млн сом акча бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди.

Комитеттин жыйынында «Жаштар жөнүндөгү» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жаткан.

Талкууда депутат Жылдыз Садырбаева документте жаш ишкерлерге колдоо көрсөтүү каралып жатканын белгилеп, ал кандай жүзөгө ашарына кызыкты.

«Жаштардин ишкердигине көмөк көрсөтүү үчүн конкреттүү эмне жасайсыздар, банктар аркылуу күрөөсүз каражат же пайызсыз  насыя бересиздеби?» — деп сурады депутат.

Суроого Марат Тагаев жооп берип, студенттик стартаптарга 10 млн сом бөлүнүп берилерин айтты. Анын айтымында, аталган каражат өкмөт тарабынан бөлүнөт.

«Жакында эле өкмөттүн токтому менен студенттик стартаптарга 10 млн сом бөлүндү. Биз дагы мыйзам долбооруна студенттик стартаптар тууралуу киргизгенбиз. Жаш ишкерлерге өкмөттүн жардамы менен каржылык колдоо көрсөтөлү деп жатабыз. Мамлекеттен сырткары, эл аралык уюмдар бир топ гранттык каражаттарды бөлүшөт. Бул акчанын баары жаштарга, студенттерге өздөрүнүн стартап долбоорун баштаганга бөлүнүп жатат»,  — деди ал.

Анын айтымында, быйыл 10 млн сом Enactus коомдук уюму аркылуу берилүүдө.

«Биз Кыргызстан боюнча долбоорлорго сынак жарыялаганбыз. Учурда комиссия тандоо жүргүзүүдө. Комиссия тандагандан кийин бир жыл окутуу жүргүзүлөт. Каражат дароо бөлүнүп берилбейт. Окутуу бүтүп, ишкерчиликке үйрөтүлгөндөн кийин быйыл күз айларында 1 млн сомго жакын акча ошол долбоорлоррду колдогонго берилет», — деди ал.

Талкуудан кийин мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>