Таластын тургунун 1,5 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Таластын тургунун 1,5 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ош шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 27-октябрында белгисиз жаран Таластын 40 жаштагы тургунун алдап кеткен. Ал «Бишкектен Таласка жүк жеткирип беремин» деп 390 миң сомдук 5 тонна кумшекер жана 1 млн 133,3 миң сомдук кир жуучу жана тиричилик каражаттарын оор жүк ташуучу унаасына жүктөп алып кеткен. Бирок жүктү Таласка жеткирбестен, Ош шаарына алып барып, башка бирөөлөргө сатып жиберген.

Натыйжада жабырлануучу 1 млн 523,3 миң сомдук зыян тарткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.

Быйыл 1-июнь күнү шектүү катары Араван районунун 38 жаштагы Б. Ш. аттуу тургуну кармалды. Ага карата шаардык сот тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу боюнча чечим чыккан.

«Учурда шектүү БШ.нын үстүнөн ушундай мазмундагы арыз Ош шаарынын 2 тургунунан, Араван районунун — 4, Өзгөн районунун 2 жашоочусунан келип түштү. Жабырлануучулар мындан дагы көп болушу мүмкүн», — деп билдиришти милициядан.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0707 49 14 49, 0552 36 26 19 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>