Минкаб пенсиялык топтоолорду башкаруунун жаңы эрежелерин сунуштоодо

Минкаб пенсиялык топтоолорду башкаруунун жаңы эрежелерин сунуштоодо

Министрлер кабинети башкаруучу компанияны – Социалдык фондду тандоо укугун пайдаланбаган камсыздандырылган пенсионерлердин пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоолорду башкаруу эрежелерин өзгөртүүнү сунуштоодо. Пенсиялык топтоолордун депозитин 10 пайызга кыскартуу сунушталууда. Документ коомдук талкууга коюлду.

Маалым болгондой, 2017-жылдын башына карата пенсиялык топтоолордун суммасы 10 миллиард 857 миллион сомду түзгөн.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондунда 30 миллиард 825 миллион сом топтолду. Анын 14,86 пайызы же 4 миллиард 580 миллион сому коммерциялык банктардагы мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырылган. Божомолдорго ылайык, жакынкы үч жылда пенсиялык топтоолордун көлөмү 41 миллиард 500 миллион сомдон ашат. Пенсиялык топтоолорду банктарга жайгаштыруудагы тобокелдиктерди азайтуу үчүн жол берилген портфелди 35тен 25 пайызга чейин кыскартуу сунушталууда.

Мурдагы инвестициялык эрежелерге ылайык, пенсиялык топтоо Экономикалык Кызматташтык жана Өнүктүрүү Уюмуна кирген өлкөлөрдүн чет элдик валютасында жайгаштырылышы мүмкүн. Ага 37 мамлекет кирет: АКШ, Канада, Япония, ЕБ өлкөлөрү. Бирок алар Соцфонддо доллардын жана евронун курсунун кескин өзгөрүшүнө байланыштуу республиканын каржы рыногундагы кырдаалды эске алып, бул валютага инвестициялоо тобокелчиликтерге алып келерин түшүндүрүштү. Орус рубли жана кытай юанына инвестиция салуу каралган эмес. Ошондуктан инвестициялык эрежелерге да өзгөртүүлөр киргизилет.

Аткаминерлердин айтымында, демилге пенсиялык топтоолорду башкаруу шарттарын оптималдаштырып, алардын коопсуздугун жана кирешелүүлүгүн камсыздоо үчүн инвестициялык портфелди диверсификациялоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>