Митингде ишкерлер менен Жапаровдун жардамчысынын ортосунда чыр чыкты

Митингде ишкерлер менен Жапаровдун жардамчысынын ортосунда чыр чыкты

Бүгүн «Дордой» базарында өткөн митингде өзүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жардамчысы катары тааныштарган адам менен соодагерлердин ортосунда чыр чыкты. Милиция аны нараазычылык акциясынан алып чыгып кетти.

Соодагерлердин айтымында, минкабдын жетекчисинин жардамчысы сөз сүйлөгөн ишкерди коркутуп, айтышып баштаган.

«Мен сүйлөгөндөн кийин «эмне мынтип сүйлөйсүң? Кайсы өтмөктө соода кыласың? Сени менен сүйлөшөбүз» деп баштады», — деп айтты базардын соодагери.

Белгилей кетсек, «Дордой» базарындагы митингге көбүнчө тигүү тармагынын өкүлдөрү катышкан. Алар салыктык өзгөрүүлөргө каршы чыгып, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Ишкерлер ансыз деле жеңил өнөр жай тармагы оор абалда экенин айтышты. Айрымдары фабрика, цехтерин кошуна өлкөлөргө көчүрүп кетүүгө аргасыз болорун белгилешти.

Белгилей кетсек, кечээ Кара-Суу районундагы «Тураталы» базарынын ишкерлери митингге чыккан.

Кара-Сууда митинг. Ишкерлер кассалык аппаратты колдонуудан бошотулат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>