Кыргызстан менен орусиялык компания өлкөдө өстүрүлгөн балыкты экспорттоону пландаштыруудаТаш-Көмүр – Кербен жолундагы сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилүүдөНоокенде селден жабыркаган турак жай ээлерине камсыздандыруу төлөмдөрү берилдиToonDook Festival: дүйнөлүк анимациянын белгилүү өкүлдөрү Бишкекке келишет«Кең-Сай» өткөрмө пунктунда маркаланбаган 19,6 тонна күрүч жана куркума Пакистанга кайтарылдыПрезидент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгарды
Кара-Сууда митинг. Ишкерлер кассалык аппаратты колдонуудан бошотулат
29.11.2023 | 16:25
Кара-Суу районундагы “Тураталы” базарынын соодагерлери контролдук-кассалык аппаратты колдонуудан бошотулат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Бүгүн митингге чыккан ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, анда “Тураталы” базары өзгөчө салык тартиби менен иш алып барары макулдашылды. Алар кассалык аппараттарды жана эсеп-фактурасын колдонуудан бошотулары айтылды.
“Тураталы” жана “Дордой” базары стратегиялык объекттердин катарына кирет, андыктан өзгөчө режим менен иштей алат”, – дейт Мамлекеттик салык кызматы.
Эскерте кетсек, жаңы жылдан тарта ишкерликтин 12 түрүнө патент жоюлат. Соодагерлер бирдиктүү салык режимин тандап, кассалык аппараттарды орнотушу зарыл.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом