«1 миң сом алсаңыз 70 сом кошулат». Социалдык фонддун төрагасы пенсия канча сомго көтөрүлөрүн айтты

«1 миң сом алсаңыз 70 сом кошулат». Социалдык фонддун төрагасы пенсия канча сомго көтөрүлөрүн айтты

Келерки жылы Социалдык фонд пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрүүнү пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында аталган фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Алиевдин айтымында, алар 2024-жылы пенсияны 7%га көбөйтүүнү көздөп жатат. Бирок 2024-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен акчанын түшүшүнө жараша пенсия 7%дан да көбүрөөк көтөрүлүшү мүмкүн.

Алиевге депутат Сүйүнбек Өмүрзаков суроо узатып пайыз менен эмес, сом менен айтканда пенсия канчага көтөрүлөрүн сурады.

Суроого жооп берип жатып ал пенсионер 1 миң сом алса, анын пенсиясына 70 сом кошуларын айтты.

«Эгер 1 миң болсо, 70 сом кошулат», — деди Алиев.

Алиевдин сөзүнө таянып жыйынтык чыгарсак, 1 миң сом пенсия алгандарга 70, 5 миң сом алгандарга 350 жана 10 миң сом алгандарга 700 сом акча кошууну пландалып жатат. Бирок бул алдын ала гана эсептөөлөр. Алиев пенсия 7%дан да көбүрөөк көтөрүлөт деп ишендирүүдө.

Алиевдин жообунан кийин депутат Өмүрзаков «70 сом эле кошосуңарбы» деп сурады.

«Жок, бул бюджетке алдын ала киргизилип жатат. Кийинки жылы тактоо менен келебиз. Мисалы былтыр 2023-жылы пенсияны 8%га көтөрөбүз деп киргизгенбиз. Бирок мүмкүнчүлүгүбүз пайда болуп, камсыздандыруу төгүмдөрү көбүрөөк түшүп, 8%га эмес, пенсияны 38%га көтөрдүк. Азыр да алдын ала 7% деп киргизип жатабыз. Камсыздандыруу төгүмдөрү көбүрөөк түшсө, көбүрөөк кошулат», — деп жооп берди Алиев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>