Мобилизация: Кыргыз мигранттарга аскерге чакыруу келүүдө — депутат

Мобилизация: Кыргыз мигранттарга аскерге чакыруу келүүдө — депутат

Россияда жарым-жартылай мобилизация башталгандан бери кыргыз жарандарына да аскерге чакыруу келип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда парламенттин жыйынында депутат Алишер Козуев билдирди.

Ал бул маселеге байланыштуу Россиядагы элчилик кыргызстандык мигранттарга өз укуктары тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керектигин белгиледи.

«Кыргыз жарандарына да аскерге чакыруу келип жатат. Учурда эки факт катталды», — деди депутат.

Эскерте кетсек, 21-сентябрда Владимир Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация болорун жарыялаган. Бул өнөктүктүн алкагында запастагы 300 миң киши чакырылары айтылган. Ошол эле учурда айрым басылмалар өздүк булагына таянып, аскерге чакырыла тургандардын саны 1 млн кишини түзүшү мүмкүн экенин жазган.

20-сентябрда Мамлекеттик дума Россиянын Куралдуу күчтөрүндө бир жылдан кем эмес кызмат өтөгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын женилдетилген тартипте берүүнү караштырган мыйзамды кабыл алган. Ага байланыштуу Москванын мэри Сергей Собянин «Сахарово» миграциялык борборунда мигранттардын Россиянын Куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, аскерге барышы үчүн тиешелүү шарттар түзүлөрүн билдирген.

Россияда кабыл алынган мыйзамга байланыштуу Кыргызстандын элчилиги билдирүү жасап, Кыргызстандын жарандарын кайсы бир согушка катышпоону, ал үчүн катуу жаза каралганын эскерткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>