Мобилизациядан качкан орусиялык акындын Ысык-Көлдөгү жашоосу

Мобилизациядан качкан орусиялык акындын Ысык-Көлдөгү жашоосу

Мобилизация учурунда кайда кетүүнү ойлоп жатсаңар, Кыргызстанга келгиле, дейт Ысык-Көлгө качып келген орусиялык Алексей Гагарин.

Анын айтымында, Кыргызстан өтө ыңгайлуу өлкө.

“Жаратылышы өтө кооз, баалар арзан, тейлөө кызматы, такси дагы жакшы жана дүйнөлүк карталар менен колдоно берсеңер болот. Эгер силер кайда кетем деп ойлоп жаткан болсоңор анда, бул жакка келгиле. Билеттин баасы 20 миң рубль, 4 саат жол жүрүп, силер эркиндикте болосуңар”, — дейт Алексей.

Ал Ысык-Көлдүн кооздугу тууралуу айтып жатып, “Чындыгында Кейптаун бул жакта эле калат экен”, — деди.

Алексей Гагарин – жаш акын-жазуучу, саякатчы, йога боюнча мугалим, фольклордук изилдөөчү, түпкү теги Санкт-Петербургдан. Ал Герцен атындагы мамлекеттик педагогикалык университетин аяктагандан кийин Таиланддагы  жашоочулардын дини жана дүйнө таанымы менен таанышууну чечкен. Ал жерде көптөгөн храмдарды жана Буддага сыйынуучу жайларды кыдырган.

Андан кийин Алексей Россия боюнча бир катар саякаттарды жасап, Санкт-Петербургдан Ульяновскиге автостоп менен барган.

2015-жылы Москвада йога боюнча алты айлык курсту аяктап, сергек жашоого байланыштуу сабактарды жана семинарларды өткөрө баштаган. 2016-жылы ал жубайы жана уулу менен атасынын кичи мекени болгон Кириллов районундагы айылдардын бирине көчүп барган. Ал жактан «Алексей жана Варвара» аттуу алгачкы поэмасын жазып бүтүргөн.

Ысык-Көлгө көчүп келген жаш акын учурда жергиликтүү элдин жашоо-турмушу, аймактын белгилүү жерлери менен таанышып, жаңы энергия топтоп жатканын жана жакында жаңы чыгаармаларды жаратарын айтты.

Ушул жылдын 21-сентябрында жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында башка мамлекеттерге, негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү.

Сентябрь айында Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран расмий катталды. Бул — өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы Калкты тейлөө борборлоруна барып, каттоодон өткөн орусиялыктардын саны экенин санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>