logo
press@reporter.kg
  • facebook
  • odnoklassniki
  • twitter
  • instagram
  • telegram

Чүйдө абактан качууга аракет кылган соттолгон адамга ок атылды

Чүйдө абактан качууга аракет кылган соттолгон адамга ок атылды

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түзөтүү мекемесинде жаза өтөт жаткан 31 жаштагы соттолгон адам качууга аракет кылып, ага ок атылды. Бул тууралуу Репортер агенттигине Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди.

Басма сөз катчынын айтымында, 17-октябрда эрте менен болгон.

“19 жылга соттолгон адам качууга аракет кылган. Аны токтотуу үчүн күзөтчү асманга эскертүү огун аткан. Ал ага карабай соттолуучу качууга аракет кылган. Мындан улам күзөтчү ага түз курал колдонгон. Соттолуучуга эки жолу ок тийип ал ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат”, — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>