Монополияга каршы кызмат депутаттардын сынына жооп кайтарды

Монополияга каршы кызмат депутаттардын сынына жооп кайтарды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы бүгүн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Султанбай Айжигитов менен Аманкан Кенжебаевдин сынына макул эмес. Бул тууралуу аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү кумшекердин кымбатташына комментарий берип жатып, Монополияга каршы кызмат баарын өз нугуна салып, баарын базар чечээрин айтышкан. Парламентарийлер кызматтын ишин оптималдаштырууну жана жетекчинин орун басары Женалы Орозбаевди кызматтан алууну сунушташкан.

Монополияга каршы орган үстөмдүк кылуучу субъект болуп саналган ата мекендик өндүрүш ишканалары – «Кайыңды Кант» ААК жана «Кошой» ААКсы менен да мыйзам чегинде иш алып барары белгиленген.

«Бүгүнкү күндө монополияга каршы мыйзамдар үстөмдүк кылуучу субъекттердин баасын мамлекеттик жөнгө салууну караштырбайт, алардын ишмердүүлүгүнө экономикалык жана статистикалык мониторинг гана жүргүзүлөт. Ал эми монополияга каршы органга рынокто кошумча рычагдарды бере турган “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору азырынча кабыл алына элек”, — деп белгиледи ведомстводон.

Монополияга каршы кызмат атамекендик кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн жана чакан түйүндөрүнүн, ошондой эле жеке дүкөндөрдүн ортосунда келишимдерди түзүү рынокко таасир этүү рычагдарынын бири болгон деп эсептейт. Бул келишимдин максаты калк үчүн жеңилдетилген кантты сатуу болгон.

«Кызмат тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында азыр канттын тартыштыгы жок, бул азыктын баасы туруктуу. Башкача айтканда, рынокту кумшекер менен толуктоо жана анын баасын кармап туруу үчүн эң ыңгайлуу улуттук режим түзүлдү», — деп белгилейт кызматтан.

Заводдор кант кызылчасын 1 тоннасын 6200 сомдон кабыл ала баштаганы такталды. Өндүрүш 5-октябрда башталат.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>