Айдоочу уктап кеткен: 4 киши каза болгон кырсыктын чоо-жайы

Айдоочу уктап кеткен: 4 киши каза болгон кырсыктын чоо-жайы

Ысык-Көл районунда 4 адамдын өлүмүн алган жол кырсыктын чоо-жайы тууралуу ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгы билдирди.

Маалымтка караганда, 9-июнда Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 1989-жылы туулган тургуну “Volkswagen Passat” унаасы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Мундуз айылына барган. Айдоочу чарчаңкы абалда түнкүсүн кайра жолго чыккан.

Балыкчы —  Ананьево —  Каракол унаа жолунда 10-июнда саат 05:40 чамасында айдоочу уктап кетип, карама-каршы тилкеге чыгып, бет маңдай келе жаткан “Volvo” жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Экинчи унааны Каракол шаарынын 1994-жылы туулган тургуну К.Э., башкарып келе жаткан.

Кырсыктын кесепетинен “Volkswagen Passat” унаасынын айдоочусу К.А., жүргүнчүлөрү  — Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын  1964-жылы туулган тургуну А.К., Бакай-Ата районунун 1974-жылы туулган тургуну С.М., Бишкек шаарынын 1977-жылкы тургуну К.У., окуя болгон жерде каза болгон.

Жол кырсык Ысык-Көл РИИБ тарабынан каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Балыкчы —Ананьево — Каракол унаа жолунун 98-чакырымында (Комсомол айылы) катталган жол кырсыктан 4 адам каза болгонун билдирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>