Видео: 1-октябрдан тарта пенсия кеминде 500 сомго көтөрүлөт

Видео: 1-октябрдан тарта пенсия кеминде 500 сомго көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия кеминде 500 сомго көтөрүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Бул жарлык пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомго жетпеген жарандарга тиешелүү. Алардын пенсиясы 38%га, бирок эң аз дегенде 500 сомго көтөрүлөт. Тактап айтканда, жаран убагында камсыздандыруу төгүмүн көп жасаган болсо, пенсиясы ошого жараша көбөйөт.

Мисалга алсак, бир жарандын пенсиясы 500 сомго, башканыкы 4 миң сомго көбөйүшү мүмкүн. Жыйынтыгында өлкөдөгү орточо пенсия 9 миң 354 сомду түзүп калат. Бирок муну өлкөдөгү эн аз пенсия 9 миң сомдон ашат деп түшүнбөө керек. Себеби учурда Кыргызстанда 200 миңдей адам 6 миң сомго жетпеген пенсия алат. Алардын арасынан 10 миңден ашык кишиге 2 миң сомдой пенсия берилет.

Ошол эле учурда өлкөдө 200 миң сомго чейин пенсия алгандар бар.

Пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү 30 миң сомдон ашкан жарандарга канча акча кошулары учурда эсептелүүдө

Белгилейт кетсек, 1-октябрга карата Кыргызстанда пенсионерлердин саны 765 миңден ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>