Москвада полиция кыргыз элчисинин кеңешчисинин үйүнүн эшигин бузуп киришкен

Москвада полиция кыргыз элчисинин кеңешчисинин үйүнүн эшигин бузуп киришкен

Москванын полициясы Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбековдун үйүнө кирип келип, текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу телеграм каналдар маалымдады.

Окуя 8-апрель күнү болгон. 2 ички иштер кызматкери дипломаттын эшигин бузуп кирип, анын үй-бүлө мүчөлөрүнөн миграциялык каттоого тургандыгы боюнча документтерди талап кылышкан.

Манас Жолдошбеков дипломаттык паспорттун көрсөткөндөн кийин дагы полиция орой мамиле кылып, элчинин кеңешчисинин аялынын денесине жаракат келтирип, балдарын коркуткан.

Тышкы иштер министрлиги маалыматты ырастап, бүгүн Орусиянын элчисинин кеңешчиси-консул Андрей Бурьев менен жолугушуу өткөнүн кабарлады.

Орусиянын полициясы Вена конвенциясынын эрежелерин бузгандыгы айтылып, Ички иштер министрлигине окуя боюнча иликтөө жүргүзүп, күнөөлүү кызматкерлерди кыска убакытта жоопко тартуу талабы коюлду.

Андрей Бурьев учурда териштирүү жүрүп жатканын кабарлады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>