Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт

Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт

Кыргызстанда Улуттук бакубатчылык фонду түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун  Franklin Templeton Глобалдык инвестициялык-финансылык холдингинин директору Манрадж Секхон менен жолугушуусунда айтылды.

Сунуш  Манрадж Секхон тарабынан көтөрүлүп, Садыр Жапаров колдоду.

Фонддун максаты — мамлекеттик ишканаларды башкаруунун натыйжалуулугун жакшыртуу, капиталды жана стратегиялык инвестицияларды тартуу, ошондой эле башка социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу.

Ал Кыргыз фондулук биржасында жана глобалдык аянтчалардын биринде листингден өткөрүлөт.

Маалымат үчүн: Franklin Templeton компаниясы 1,5 триллион АКШ доллары активдери менен ири глобалдык башкаруучу болуп саналат. Бул рынокто ал 70 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат, 150дөн ашуун өлкөнүн кардарларына жардам берип, чоң тажрыйбага ээ жана дүйнө жүзү боюнча акциялар рыногунун чечимдерин камсыз кылат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>