Швейцария Кыргызстандын суу ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү долбоорлорун колдойтМамлекет Майлуу-Суу лампа заводунун ишин жандантууга ири каражат бөлдүБишкек мэриясы: бак-дарактар менен гараждар түгөндү, эми балкондорго киришти«Ала-Арча» жаратылыш паркына кирүүнүн баасы көтөрүлдүБишкектеги чыр: мэрия жол салуу үчүн «Манас» университетинин тосмосун бузуудаЭмки жылдан тарта башталгыч класстардын окуучуларынын тамак-ашына 40 сомдон бөлүнөт
Москвада сабалган 11 жаштагы кыз Бишкекке жөнөтүлөт
23.05.2022 | 15:28
ЖМКда кеңири тараган Москвада 11 жаштагы өспүрүм кыздын тууганы тарабынан сабалышы боюнча факты Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаеванын көзөмөлүндө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин кызматкерлери, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен биргеликте жашы жете элек өспүрүмдүн жашаган жерине барышканы белгиленет.
“Учурда ата-энеси менен макулдашып, өспүрүм кызды Кыргызстанга жөнөтүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда. Бул факты боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен иш жүрүүдө”, – деп айтылат маалымаатта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар