Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Баткенде үйдө бекилип калган 3 жаштагы бала куткарылды
23.05.2022 | 15:09
Кызыл-Кыя шаарында үйдө бекилип калган 3 жаштагы бала куткарылды, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, бүгүн, саат 12:38де Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн батиринин биринде З.А аттуу жаран үйүнүн эшигин ача албай калгандыгын 112 кызматына кабарлаган.
Аталган жаран үйүндө 3 жаштагы баласы бар экендигин билдирген.
Шаардагы №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, терезе аркылуу эшикти ачып беришкен. Жаш бала апасына өткөрүлүп берилди. Абалы жакшы.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом