Муфтийди шайлоо курултайы жылдырылабы?

Муфтийди шайлоо курултайы жылдырылабы?

Муфтийди шайлоо боюнча Аалымдар кеңешинин курултайын жылдыруу сунушталууда. Бул тууралуу Каттоо жана аттестациялоо комиссиясынын төрагасы Мамасабыр Досбол уулуна таянуу менен айрым маалымат каражаттары жазышууда.

Билдирүүгө таянсак, Тандоо Комиссиясынын төрагасы Аалымдар Кеңешине Курултайдын өтүшүн жылдырып туруу үчүн кат жолдогон. Мындай чечимге коркутуулар жана документтери туура эмес болуп калган талапкерди сынакка киргизилгени башкы себеп болгон.

Коркутуулар жана документтери туура эмес болуп калган талапкердин маселеси боюнча күч структуралары, Дин комиссиясы чара колдонбогону, Мусулмандардын Курултайы үзгүлтүкө учураса кимдер жооп берери жана укуктук жагы кандай болоруна Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын Борбордук текшерүү комиссиясынын мүчөсү Бакыт Нурдиновго кызыккан.

Ал эми “Репортёрго” Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан Аалымдар Кеңешине Курултайын жылдыруу үчүн эч ким кат жолдобогонун билдиришти.

Белгилей кетсек, курултай 5-апрелге белгиленген. Анда Муфтий болуу үчүн сегиз талапкер арыз берсе, Аалымдар кеңешине мүчө болууга 75 талапкер документ тапшырып, Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасынын кызмат ордуна 21 эсепчи катталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>