Сот алдамчылыкка шектелген Сооронбай Жээнбековдун агасынын кызын бошотту

Сот алдамчылыкка шектелген Сооронбай Жээнбековдун агасынын кызын бошотту

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун агасынын кызы алдамчылыкка шектелүүдө. Бул тууралуу Reporter.kg’ге өздүк булактар билдирди.

Ленин РИИБнин басма сөз кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, 2021-жылдын 26-февралында Р.М. аттуу жаран чала тааныш аялга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Арызда 2019-жылдын август айында ишенимге кирип, алдамчылык жол менен арыз ээсинен 20 миң доллар жана 450 миң сом өлчөмүндө акча алып, андан кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Тергөө иш-чараларынын жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери 1970-жылы туулган К.Г. кылмышка шектүү катары тергөө кызматына алынып келип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бишкек шаарынын Ленин райондук соту шектүүгө карата баш коргоо чарасын — бир айга үй камагына чыгарууну тандады.

Сотко чейинки тергөө иштеринин жүрүшүндө арыз ээсинин чыгымы толугу менен төлөнүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>