Адылбек Касымалиев Евразияда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө чакырдыМанас шаарынын мэри кызматтан бошотулду. Президент тескемеге кол койдуБекешев: Көлбаевдин бардык мүлкү мамлекетке өткөн эмесТаласта фотокапкандардын объективине ак илбирс, сүлөөсүн жана башка жаныбарлар түштүСыдыгалиев: оор кылмыш боюнча айыпталгандар камакта болушу керекБишкекте «CYBERVISION 2026» заманбап көргөзмөсү өтөт
Муфтият президент эки жыл мурда берген форманы жаңылайт
25.07.2024 | 15:15
Муфтият дин кызматкерлеринин бирдиктүү формасын иштеп чыгууга сынак жарыялады.
Анда жайкы, күзгү жана кышкы формаларынын, сый (параддык) кийими, ибадаттык кийиминин дизайнын электрондук форматта жасап чыгуу талап кылынат. Кийимдер кыргыз колоритине дал келиши керек. Андан тышкары, президент тарабынан тиктирилип берилген формага окшоштуруу дагы зарыл.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын май айында Садыр Жапаров муфтиятка 3,8 миң форма тиктирип берген. Анын бирин өзү 1-июнда расмий иш чарага кийип чыккан. Бирок анда Мусулмандар дин башкармалыгы дагы, президенттин басма сөз кызматы дагы маалыматты ырастаган эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом