Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
“Мурас” турниринде Садыр Жапаров төртүнчү жолу мыкты чабуулчу аталды
09.12.2023 | 22:10
8-9-декабрь күндөрү Бишкек шаарында өткөн футбол боюнча кезектеги “Мурас” достук турнири аяктады.
Оюндардын жыйынтыгы боюнча “Президенттин командасы” командасы биринчи орунду ээледи. Мелдешке 16 команда катышты.
Садыр Жапаровдун командасы финалда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тобун 2-1 эсеби менену утуп алды.
Мелдеште өлкө башчысы 12 гол киргизип, мыкты чабуулчу аталды. Буга чейинки 3 турнирде дагы ал эң көп гол киргизген.
Жеңүүчүлөргө чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт